Америкалыктар 86 кыргызстандык баланы багып алган

770

АКШнын Бишкектеги элчилигинде үчүнчү жолу теле көпүрө уюштурулуп, кыргызстандык жеткинчектерди асырап алган үй-бүлөлөр байланышка чыкты. Алар биздин өлкөдө төрөлгөн бөбөктөр Америкада кандай жашап жатканын, ошондой эле, бул жерден бала багып алууда кандай тоскоолдуктар болгонун айтып беришти.

Айрым үй-бүлөлөргө кыргызстандык жеткинчектерди асырап алуу үчүн коп жыл күтүүгө туура келген. Америкада жаңы ата-энелүү болгон балдардын айрымдары жалгыз бала болсо, башкалары бир нече бир туугандуу болушкан. Бир нече бала бала багып алгандар да жок эмес. Бул үй-бүлөөлөрдөгү шарттарды жана бөбөктөрдүн абалын АКШнын социалдык кызматтары текшерип турушат.