Ананьеводогу көрүстөндө эстеликтерди талкалагандар изделүүдө

736

Ысык-Көл районундагы Ананьево айылында белгисиз адамдар талкалап кеткен православ көрүстөнүндөгү жыгач кресттер оңдолууда. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты. Маалыматка караганда, Бишкектеги жана Караколдогу православ чиркөөсүнүн өкүлдөрү барып, эстеликтерди калыбына келтирүүгө көмөктөшүүдө.

11-январдын кечинде белгисиз адамдар Ысык-Көлдүн Ананьево айылындагы православ көрүстөнүнө келип, маркумдарга коюлган эстеликтерди талкалап кетишкен. Бул боюнча атайын тергөө тобу түзүлүп, күнөөкөрлөрдү издеп жатат.

Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев окуяны өзгөчө адепсиз көрүнүш катары баалап, күнөөлүүлөрдү тез арада табууну Ички иштер министрлигине тапшырган.

Азырынча көрүстөндөгү жосунсуз жорукка баргандар кармала элек.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.