Аңчылык айрым депутаттар үчүн бизнеске айландыбы? (видео)

1251

Аңчылык кирешелүү бизнеске айланып, тармакта коррупциялык схемалар камтылган. Адистердин айтымында, Кыргызстанда акыркы жылдары жапайы жана сейрек кездешүүчү жаныбарлардын саны кескин кыскарып кетти. Ал эми мергенчиликтин пайдасын жогорку кызматтагы аткаминээрлер менен аңчылык боюнча чарбалар көрүп жатат. Буга чейин парламентте жапайы жана сейрек кездешүүчү жаныбарларды атууга убактылуу тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору даярдалган. Бирок документ эл өкүлдөрү тарбынан колдоо таппай калган. Сейрек кездешүүчү жаныбарларды браконьерлерден сактап калуу үчүн аңчылыкка таптакыр тыюу салуу демилгеси кайрадан көтөрүлө баштады.