Аңчылыкка каршы кол топтоого 1,5 миң киши кошулду (видео)

5602

Аңчылыкка каршы кол топтоого 3 күндө эле 1,5 миң киши кошулду. Демилгечилер бул көрсөткүчтү 10 миңге жеткирүүгө ниеттенип жатышат. Алар өткөн аптада биринчи окууда өтпөй калган мыйзам долбоорунун кабыл алынышын талап кылышууда. Эске салсак, анда Жогорку Кеңеште аркар, кулжа, эчки, теке, элик сымал жаныбарларды атууга 10 жылдык мораторий киргизүү документи биринчи окууда каралып, өтпөй калды.

Аталган документти 40 депутат демилгелегени менен добуш берүүгө келгенде инициаторлордун 13ү өздөрү жазган документке каршы добуш беришти. Эл өкүлдөрүнүн бул түшүнүксүз кылыгы коомчулукта катуу нааразычылыктарды жаратты. Активисттердин айтымында, ал четке кагылган документти 6 айдан кийин кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгү бар.