Англис тилин акысыз үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк (видео)

686

Кыргызстандагы «Америка бурчу». Кант шаарындагы Чүй областтык китепканасында оңдоп-түзөөдөн кийин «Америка бурчу» бардык каалоочуларга кайрадан эшигин ачты. Анын ремонту дүйнө жүзүнө белгилүү Смит Сониан музейинин көмөгү менен ишке ашкан. Заманбап жабдуулар жана мыкты шарттар түзүлүп, көркөмдөлгөн борборго жазылууга кызыккандар арбын, — дешет китепкананын жетекчилиги.

Өлкөдө бул сыяктуу борборлор ар бир областта бар. Алардын жалпы саны Кыргызстан боюнча сегизге жетет. АКШ элчилигинин көмөгү менен ачылган борборлордо кыргыз жаштарына англис тили, американын каада-салттары жана кол өнөрчүлүк бекер үйрөтүлүп жатат.