Англис тилинен сабак берген 11 жаштагы окуучу кыз (видео)

2737

Өзү теңдүү балдарга өзгөчө ыкма менен сабак өткөн 11 жаштагы мектеп окуучусу. Учурда Бермет Кочкунова 20 балага англис тилин үйрөтүүдө. Ал саат 20:30дан тарта компютердин башына, өлкөнүн булуң-бурчунан балдарды чогултуп, чет тилин үйрөтүп баштайт.

Адистер бул «Пиир Ту Пиир» ыкмасы өтө натыйжалуу экенин белгилеп келишет. Мында балдар өздөрү менен теңдүүлөргө сабак өтөт. Экрандын ары жагында отурган бала да бул сабакты досунун көмөгү катары кабылдап, өздөштүрүүсү тез жүрөт.