Англиялык актерлор Кыргызстандын сахнасында (видео)

993

Англиялык театр актерлору Кыргызстандын сахнасында. Улуу Британиянын 500 жылдан ашуун тарыхы бар «Глобус» театрынын чакан жамааты Кыргызстандыктар үчүн Уильям Шекспирдин “Макбет” трагедиясын сахналаштырып жатышат. Анда актерлор пьесаны бир эле учурда кыргыз жана англис тилдеринде аткарышат. Ушул эле чыгарманы Лондондун сахнасында коюу үчүн ушул күздө Кыргызстандан 28 актер чакырылганы жатат. Бул өзгөчө театралдык эксперименттин максаты — Англия менен Кыргызстандын ортосундагы маданий алаканы бекемдөө. Борбордук Азияда биринчи жолу ишке ашырылып жаткан бул долбоордун демилгечиси — белгилүү жазуучу жана драматург Султан Раев.