Антикытай митингине катышкандар айып төлөшөт (видео)

616

Кытай Эл республикасынын төрагасы Си Цзинпиндин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарынын алкагында эки өлкөнүн мамилеринде жаңы барак ачкан бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө. Бул тууралуу расмий Пекиндин Кыргызстандагы элчиси Сяо Цинхуа билдирди. Учурда бул сапарды уюштуруу боюнча эки тараптуу даярдыктар көрүлүп жатат.

Ал арада, жергиликтүү саясат таануучулар Кытай менен достук жана соода-экономикалык мамилени чыңдоо керек дешет. Талдоочулардын айтымында, кошуна өлкөнүн ири инвестициялык долбоорлоруна катышып, пайда көрүүгө жол ачылууда.