Апасы коронавирустан каза тапкан 3 айлык Нурханга жардам керек (видео)

5436

Айы-күнүнө жетпей төрөлгөн 3 айлык Нурханга жардам керек. Наристенин апасы коронавирустан каза тапкан. Учурда жалгыз бой ата Адилет Усупов эки уулун жалгыз карап жатат. Ымыркай COVID-19дун кесепетинен улам, убактысынан эрте операция жолу менен төрөлгөндүктөн дене-мүчөсү толук калыптанып бүтпөй калган.

Бөбөктүн эки көзү көрбөй баштагандыктан операция жасалып, ал сол жагына жардам берген. Эми оң көзүнө Россиянын Санкт-Петербург шаарынан тезинен операция жасоо зарылдыгы жаралууда. Ага Адилет Усуповдун каражаты тартыш болуп, жалгыз бой ата кайрымдуу калкка жардам сурап кайрылып отурат.