Аппарат жетекчилигине жана юстиция министрлигине талапкерлер сунушталды

885

Юстиция министри кызматына Айнура Абдылдаева, өкмөттүн аппарат жетекчисине Мурат Мукамбетовдун талапкерлиги көрсөтүлдү. Кандидаттарды парламенттин тармактык комитети жактырды. Мурат Мукамбетов өкмөттө 2003-жылдан бери эмгектенет, алты жылдан бери аппарат жетекчисинин орун басары болуп иштеп келген.

Эскерте кетсек, министрлер кабинетинин аппаратынын мурдагы башчысы Нурханбек Момуналиев өткөн айда кызматтан кеткен. Ал жакында эле ТЭЦтеги окуя боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу УКМКга суракка чакырылган. Ал эми юстиция министри кызматына сунушталган Айнура Абдылдаева ушул эле мекемеде статс-катчысы болуп иштеп келген.

Мурдагы министр Уран Ахметов парламент тарабынан айтылган көптөгөн сын пикирлерден улам жумуштан кеткен болчу.