Apple компаниясы үч жаңы «айфондун» бет ачарын өткөрдү

22

Америкалык Apple компаниясы 12-сентябрда “айфон” ысымы менен таанымал үч смартфонунун бет ачарын өткөрдү. Компания жетекчиси Тим Кук iPhone X моделин “чоң секирик” деп атады.

iPhone X жеңил, ичке жана ачык түстүү. Ал 999 доллар турат. iPhone 8 менен iPhone 8 Plus – 699 жана 799 долларга бааланууда. Смартфондун үч түрү тең зымсыз дүрмөттөлөт.

«Онунчу» модель сатыкка 3-ноябрда чыгат, калган экөө – ушул айдын соңунда дүкөн текчелеринен орун алат. Мындан тышкары Apple компаниясынын бет ачарында “акылдуу сааттардын” жана телевизор үчүн видеостримингдин жакшыртылган түрү тааныштырылды.

comments powered by HyperComments