Апрель баатырларынын атын жамынгандар үй талашууда (видео)

892

Апрель баатырларынын атын жамынып, муниципалдык турак жайды басып алгандар күч менен чыгарыла баштады. Тийиштүү чечим Жогорку сот тарабынан кабыл алынган. Бишкек шаарындагы 6 батирде жашап жаткандар боюнча турак-жайдын мыйзамдуу ээлери арызданышкан. Алардын айтымында, муниципалитеттин бир нече кызматкерлерине 6 жыл мурда акысыз турак-жай берилген. Бирок апрель окуясынан кийин өзүм билемдик менен үйгө кирип алгандар батирди бошотуудан баш тартып келишкен. Эки тараптын соттошуусу 6 жылга созулган. Жогорку инстанция батирлердин мыйзамдуу ээлеринин пайдасына чечим чыгаргандыктан, сот аткаруучулар өз ишин баштаган. Бул көптөгөн ызы-чуулар менен коштолду.