Апрель революциясына 9 жыл болду (видео)

704

Быйыл Апрель революциясына 9 жыл болду. 2010-жылы эл мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы митингге чыгышкан. Борбордук аянтка чогулгандарга карата атылган октон 80ден ашык киши каза болуп, жүздөгөн адам жаракат алган. Курман болгон 28 адамдын сөөгү “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине жашырылган.

Кечээ каргашалуу окуя жана анда набыт болгондор эскерилди. Иш чарага өлкө башчысы жетектеген мамлекеттик кызматкерлер барышты. Ошондой эле, шейит кеткендердин жакындары жана ал окуянын катышуучулары да чакырылган.