Апрель революциясынын баатырына жардам керек (видео)

825

Көп түкүрсө көл болот! Апрель элдик революциясынын баатыры Дуулатбек Бейшеналиев мекендештерибиздин жардамына муктаж. Ал 2010-жылы апрель көтөрүлүшүнө катышып, эки жолу ок жеген. Алган жарааттарынын айынан оор илдетке кабылып, учурда төшөктө жатат.

Мындан бир жыл мурда Дуулатбек мырзанын ден-соолугу начарлап дарыгерлерге кайрылган. Соңку анализдин жыйынтыгы менен дарыгерлер ага кандын рак оорусуна чалдыкканын айтышкан. Учурда Дуулатбек Бейшеналиевдин өмүрү кымбат баалуу даарыдан көз каранды болуп турат.