Апрель ыңкылабына макам берүү каралууда (видео)

1078

7-апрель ыңкылабына атайын макам берилип, курман болгондорго Кыргыз Республикасынын баатыры деген наам берүү керек! Мындай талап менен Талас областындагы апрель көтөрүлүшүндө жабыркагандардын жакындары президентке, өкмөткө жана Жогорку Кеңешке кайрылышты. Бул кайрылууга 22 адам кол койгон. Бул демилгени парламент депутаттары жана өкмөт мүчөлөрү да колдоорун билдиришти. Эл өкүлдөрү бул боюнча жакын арада мыйзам долбоорун даярдап, талкууга алып чыгууну убада кылып жатышат.