Апрелде дагы бир митинг болгону калды (видео)

1024

«Биз дем ала албай калдык»! 3-апрелде Бишкекте ушундай аталыштагы акция өткөрүлгөнү жатат. Анын алкагында Бишкектеги бак-дарактардын массалык кыйылуусуна нааразы болгон жарандык активисттер Бишкектин бир нече көчөлөрүндө жөө жүрүш уюштурууну пландашууда. Былтыр эле шаардын көчөлөрүн кеңейтүү максатында курулуш иштери жүргүзүлүп, 3 миңге чукул бак-дарак кыйылган. Алардын барын эле авариялык абалда болгон деп айтууга болбойт. Бул оңдоп-түзөө иштери быйыл да улантылганы турат. Шаардык кызматтар болсо кыйылган бактардын ордуна жаңы көчөттөр отургузулганын айтышууда.