Аптапта тамак-ашка ууланып, ооруканага кайрылгандар көбөйүүдө

1225

Жайкы аптапка байланыштуу ооруканага тамак-аштан ууланып кайрылгандардын саны өстү. Бул тууралуу Республикалык жугуштуу оорулар клиникасынын директору Гүлжигит Алиев “Азаттык” радиосуна кабарлаган.

Анын айтымында, бир суткада ашказан жана ичеги оорулары менен 300гө жакын киши кайрылып жатат. Алардын жүздөйү ооруканага жаткырылууда.

Кайрылгандардын көпчүлүгүндө курч мүнөздөгү ичеги-карын илдети аныкталган. Учурда ооруканада бул диагноз менен 136 бейтап жатыптыр. Орундар жетишпегендиктен кошумча бөлүмдөр ачылган. Ооруп келгендердин көбү балдар экени да белгиленүүдө.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жыл башынан бери курч мүнөздөгү ичеги-карын оорусу менен кайрылгандардын саны 1800гө жакындаган. Алардын 84% 14 жашка чейинки балдар.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.