Ар бир бала коргоого алынат (видео)

639

Өлкөдө жаш балдарга карата зордук-зомблулуктун алдын алуу боюнча атайын штабдар күчөтүлгөн тартипте иштей башташты. Алар Кыргызстандын дээрлик баардык аймактарында ачылган. Курамына жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, социалдык кызматкерлер жана милиция кирет. Алар ар бир үйдү кыдырып, туугандарынын жана улгайган адамдардын колунда тарбияланып жаткан мигранттардын балдарынын жашоо-шартын текшеришет.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришкендей, мындай иш-чараларды өткөрүүгө 2018-жылы катталган бир нече окуя себеп болгон. Эскерте кетсек, тааныштарына калтырылган эмгек мигранттарынын балдары зомбулуктан жапа чегип, бир нече бөбөк ур-токмоктун айынан набыт болгон эле.