Ар бир онунчу шайлоочу көзөмөл алдында добуш береби? (видео)

991

№2-форма менен добуш берүү административдик ресурс колдонуунун негизги куралы болушу мүмкүн. Бул жолу жалпы шайлоочулардын 10 пайызы мындай ыкма менен добуш берээри адистерди тынчсыздандырууда. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча 3 миллион 25 миң шайлоочу катталса, алардын 316 миңи өзү катталган жерде эмес, башка аймакта добуш бере тургандар. Эксперттердин баамында, бул сандар шектенүүлөрдү жаратат. Себеби кызыктар тараптардын аракетисиз мынча адам №2-формасын толтурмак эмес. Бул ыкма добуш берүүнүн жыйынтыгына олуттуу таасир этет, дешет адистер. Ал арада, айрым жарандар өзү катталган жердеги участоктон аты-жөнүн таппай, териштире келгенде башка областтардагы тизмеге киргизилип калганына күбө болушкан.