Ар бир төртүнчү кыргызстандык жакырчылыкта жашайт (видео)

731

Бул Улуттук статистика комитети берген расмий маалымат. 17-октябрда жакырчылыкты жоюунун эл аралык күнү белгиленүүдө. Американын Global Finance басылмасы 2016-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстанды дүйнөдөгү 50 эң жакыр өлкөнүн бири, деп тапкан.

Расмий статистика боюнча Кыргызстан калкынын 25 пайызы жакыр жашайт. Мындан улам аз камсыздалган үй-бүлөлөрдү колдоо максатында ар балага мамлекет тарабынан 810 сомдон жөлөк пул берилет.