Ар бир туристтен кошумча 10-15 доллар алуу керекпи? (видео)

964

Ар бир чет элдик туристтен кошумча 10-15 доллар алуу керек деген сунуш канчалык туура? Туризм департаменти көтөрүп жаткан бул демилге туроператорлор арасында кызуу талкуу жаратты. Өкмөт өкүлдөрүнүн айтымында, туристтерден кошумча акы алуу менен тармактагы айрым маселелерди чечип алса болот. Бирок туризм жаатындагы бир топ эксперттер бул сунушка каршы чыгышууда. Алардын айтымында, Кыргызстанга келген чет элдиктерден кошумча акы алуу тескери натыйжа бериши мүмкүн. Туристтерден азыр түшүп жаткан каражатты деле тиешелүү муктаждыктарга жумшаса болот. Анткени чет элдиктердин кызыгуусун жараткан тоо туризми ансыз деле арзан эмес. Лыжа базаларында бир күндүк эс алуу — бери дегенде 6 миң сомду түзөт.