Ар Тарап: Канат Исаевди каралаган видео күмөндүү ойлорду көбөйттү

1281

Канат Исаев кармалгандан кийин тараган видео жана аудио жаздырмалар боюнча айрым адистерде шектүү суроолор пайда болду. Алардын айтымында, депутат жашыруун тасмада бийликти күч менен басып алуу же массалык башаламандык уюштуруу жөнүндө бир дагы сөз сүйлөгөн эмес. Ал эми видеого тартып жаткандардын жасалмалуулугун жана кылмыштуу чөйрөдөгүлөрдүн жүрүм — турумуна дал келбеген пикир алышууларды аныктоо үчүн психолог болуштун деле кереги жок, дешет.