Ар Тарап: Телефондук аудиожазуулардын артында кимдер турат?

119

Интернетте жарандык активист делген Мелис Аспековдун бир канча адам менен сүйлөшкөнү жазылган аудио тараган. Анда ал президенттик жарышка катышып жаткан бир топ талапкерлердин ысымдарын атоо менен, шайлоо убагында алар кандайдыр бир башаламандыктарды даярдап жатканын кыйыткан. Аудиожазууда аттары аталгандардын көпчүлүгү Аспековду таанышпайт да экен. Саясий талдоочулар бул кимдир бирөөлөр тарабынан атайын жасалган провокация жана ага ишенүүгө болбойт дешүүдө. Айтымдарында, бул терс коомдук пикир жаратып, алдыда келе жаткан кандидаттарга бут тосуу максатында гана жасалып жатат. Шайлоо алдында атайын чагым кимге керек болууда?

comments powered by HyperComments