Ар Тарап: Той-маарекелерге тыюу салуу керекпи? (видео)

4646

Мамлекеттик тойлорду өткөрүүгө 5 жылга чейин тыюу салуу керек! Мындай демилге Жогорку Кеңештин отурумунда көтөрүлдү. Айрым депутаттардын айтымында, быйыл өкмөт 105 мамлекеттик иш-чараны салтанаттуу өткөрүүнү пландап жатыптыр. Бирок ансыз деле өлкө бюджетинде каражат тартыш болуп жатканда, мындай ысырапкорчулукту токтотуу керек, дешет алар.

Эң оболу, өлкөдөгү экономикалык жана социалдык көйгөйлөрдү чечүү зарыл, дешет эл өкүлдөрү. Анын ичинде өндүрүш, билим берүү, саламаттык сактоо тармагындагы кемчиликтер боюнча өкмөткө көптөгөн сын-пикирлер айтылды.