Аракка ууланган баланын өлүмүнө шектүү камакка алынды

772

Аракка ууланып чарчап калган баланын өлүмүнө шектелген киши Чүй областынын Жайыл районунан кармалды. Тартип сакчыларынын айтымында шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Эске сала кетсек, 12-июлда дарыгерлер Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылып, ооруканага аракка ууланган бөбөк алып келингенин билдиришкен. Ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге дароо барып, жабырлануучу 2012-жылы туулган бала экенин аныктаган.

Тергөөнүн жүрүшүндө, тестиер балага кыйнап арак ичирген 31-жаштагы адам экени белгилүү болгон. Ал баланын энесинин чогуу жашаган 60 жаштагы жарандын уулу экен. Кейиштүү окуя болордун алдында алар бары чогуу арак ичишкен.

Наристенин өлүмү боюнча факты кылмыш жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «Ден соолукка оор залака келтирүү» беренеси менен катталып, кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.