Арам жол менен акча табууну көздөгөндөр (видео)

1402

Өзүн жабырлануучу катары көрсөткөн кыз айыпталуучуга айланды. Финансы полициясынын мурдагы жетекчиси Акимжан Муйбиллаевдин аты аталган иште жаңы жагдайлар ачылды. Шаардык милиция тергөө маалында Муйбиллаевден шантаж аркылуу жарым миллион доллар өндүрүүнү каалагандардын бетин ачты.

Арыз жазган кыз азыр үй камагында. Ал эми иштин баарын уюштурган Каныбек Туратов аттуу адам абакка киргизилди. Жактоочулар бул топ ушундай ыплас иштер менен буга чейин да алектенип, акчага маарып келгенин айтууда.