Арашан породасындагы койлорго паспорт берилди (видео)

1732

Кыргызстанда койлорду идентификациялоодон өткөрүү башталды. Алгач асыл тукум “Арашан” породасындагы койлорго чип басылып, ар биринин электрондук базасы түзүлүүдө. Ага малдын электрондук биркадагы номуру, кандай тукумдан тарагандыгы боюнча маалыматтар жайгаштырылат.

Ошондой эле салмагынан баштап, боюнун узундугу, ал тургай, туягынын калыңдыгы дагы көрсөтүлөт. Электрондук базадагы маалыматтын негизинде ар бир жандыкка паспорт берилет. Айыл чарба министрлиги Чүйдүн Новопокровка айылында “Арашан” породасындагы койлорго электрондук бирка тагуу процессин көрсөтүп берди.