Араванда 15 жаштагы секелек көз жарды. Ким жооп берет? (видео)

771

Араван районунда 16 жаштагы кыздын боюна бүтүп, көз жарганы боюнча материалдар Ош шаардык прокуратурасына жөнөтүлдү. Андан соң, иш Ош областык прокуратурасына өткөрүлүшү мүмкүн. Бул окуянын чоо-жайы териштирилгенден кийин, кылмыш иши козголобу же жокпу белгилүү болот. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан кабарлашты.

Эске салсак, Оштогу төрөт үйүндө көз жарган өспүрүм бир жыл мурда 15 жашында турмушка чыккан. Эми болсо жаш келиндин кайын журту кыздын жашы жете электигин билбей эле уулу менен үйлөндүрүп коюшканын айтышууда. Бул иште кимге кандай чара көрүлүшү мүмкүн?