Араванда болгон ачык үгүттөө фактысын БШК териштирет

982

Ош областынын Араван районундагы Юсупов айыл өкмөтүндө болгон ачык үгүттөө фактысын Борбордук шайлоо комиссиясы териштирет. Бул тууралуу НТС телеканалына Боршайкомдун төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

12-сентябрда айыл өкмөттүн жыйындар залында жергиликтүү тургундарынын чогулушу өтүп, анда айыл өкмөт башчысы делген Шукурулло Файзуллаев элди талапкер Сооронбай Жээнбековго добуш берүүгө үндөгөн. Динге берилген үй-бүлөдөн чыккан адамдан башканы колдоо кыянатчылык болот, — деген пикирин айткан.

Бул фактыны жыйынды чагылдырып жаткан «Азаттык» үналгысынын кабарчысы видео тасмага тартып алган. Жергиликтүү жарандык активисттер муну одоно мыйзам бузуу деп баалашууда. Эгер үгүт иштерин жүргүзгөн адам маалымат каражаттары жазып чыккандай айыл өкмөт башчысы болсо, ага чара көрүнөт, дешет Боршайкомдун мүчөлөрү.