Араванда жете элек кызды күйөөгө бергендер соттолду (видео)

933

Ош областынын Араван районунда жашы жете элек кызды күйөөгө бергени үчүн анын таянеси жана келиндин кайненеси соттолду. Фемида өкүлдөрүнүн чечими менен, 16 жаштагы кыздын үй-бүлө куруусуна жол берген эки аял тең, үч жылдык мөөнөткө шарттуу кесилишти. Ал эми үйлөнгөн бала менен нике кыйган молдо жоопкерчиликтен кутулуп кеткен. Анткени диний кызматкер кыздын жашын билген эмес деген жүйөө келтирилген. Бирок мыйзам боюнча молдо өспүрүмдүн документин көргөн соң гана нике кыйышы керек болчу. Эрте турмушка узаган кыз азыр кош бойлуу. Соттун чечиминен кийин кудагыйлар ортосунда пикир келишпестиктер пайда болуп, келин алган тарап кызды кетирүүгө даярданып жатканы айтылууда.