Аравандагы ачык үгүттөө фактысын БШК териштирет (видео)

1017

Ош областынын Араван районунун Юсупов айыл өкмөтүндөгү «ачык үгүттөө» фактысын Борбордук шайлоо комиссиясы териштирет. Кечээ кечинде «Азаттык» үналгасы видео таратып, анда аталган айыл өкмөттүн башчысы делген Шукурулло Файзуллаев жергиликтүү тургундарды чогултуп алып, талапкер Сооронбай Жээнбековго добуш берүүгө үндөп жатканын көрүүгө болот. Үгүттөө аракети тартылган видеодо Фуйзуллаев «динге берилген үй-бүлөдөн чыккан адамдан башканы колдоо кыянатчылык болот, — деп айткан. Жарандык активисттер муну одоно мыйзам бузуу деп баалашууда. Мыйзамга ылайык, «мамлекеттик же муниципалдык кызматкерлердин үгүт иштери менен алектенүүгө укугу жок».