Аравандагы мушташтан улам эки талапкер шайлоодон четтетилди

2627

БШК Араванда үгүт маалындагы мушташка байланыштуу “Биримдик” партиясынан талапкер Шүкүрулло Файзуллаев менен “Мекеним Кыргызстан” партиясынан талапкер Илхом Маннановду шайлоодон четтетүү чечимин кабыл алды. Бул сунушту комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрү колдошту. Жыйында партиялардын да жоопкерчилигин кароо сунушун комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрү колдогон жок.

20-сентябрда Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылындагы үгүт кампаниясы учурунда чатак чыгып, 12 киши ар кандай жараат алып, ооруканага түшкөн. Милиция алты кишини кармап, сотко чейинки өндүрүш баштап, жаңжалдын чоо-жайы иликтеп жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.