Аравандык бир үй-бүлө Россияда кулчулуктан куткарылды (видео)

936

50 жаштагы жубайларды жана алардын бой жеткен кызын өздөрүнүн эле айылдашы 8 ай бою кара жумушка салып, бир тыйын бербей кыйнаган. Жолдошу мал багып, аял кызы экөө күнөсканада жашылча өстүрүшкөн. Алардын кулчулукта жүргөнүн туугандары 8 айдан кийин гана билип, бошотуп келишкен. Бирок бир үй-бүлөнү мыйзамсыз кармаган адамды жоопкерчиликке тартуу мүмкүн болгон эмес. Анткени ал жакында эле каза болуп калган.