Аравандыктар 1 айдан кийин картөшкөнүн түшүмүн жыйнайбы? (видео)

820

Ош областынын Араван районунда талаа иштери кызуу жүрүп жатат. Бул жакка быйыл жаз эрте келгендиктен, дыйкандар февраль айынын башында эле картөшкө эгип коюшкан. Эми алар бир айдан кийин түшүм алабыз деп турушат. Учурда Араванда капуста, түрп, шалгам жашылчаларын отургузуу кызуу жүрүүдө. Дыйкандар күнөсканаларга жашылчалардын көчөттөрүн өстүрүп камдап коюшкан. Башка дан-эгиндеринин үрөнү да себүүгө даярдалган. Бирок быйыл аймакта дыйкандардын көбү картошкого басым кылып, жаңы сортун айдап жатышат. Бул түрү тез бышып, түшүмдү да жакшы берет, дешет айыл чарбачылар.