Арча, адырашман чөбү коронавирусту качырабы? (видео)

3821

Турак-жайды, имараттарды арча-адырашман менен ысырыктоо ар кандай вирустардын алдын алабы? Бул суроо көп талкууланган маселеге айланды. Буга Бириккен улуттар уюмунун алдындагы Эмдөөлөрдүн эл аралык институтунун илим жаатындагы жетекчисинин орун басары Михаил Фаворовдун билдирүүсү негиз болду.

Ал анда короновирус илдетинин Борбор Азия чөлкөмүн айланып өтүп жатканына басым жасап, бул көчмөн элдеринин ысырыктоо адатынан улам да болушу мүмкүн экенин айткан. Ал арада, өлкө базарларында арча, адырашман саткандардын соодасы жүрүшүп, кардарлардын саны көбөйгөнү белгилүү болду.