Арча-Бешик жаңы конушунда эне-баланын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды

1389

Кырсык Бишкек шаарынын Арча-Бешик жаңы конушунда болуп, жеңил унаа 34 жаштагы аялды төрт жашар баласы менен сүзүп, алар окуя болгон жерде каза болушкан.

Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашкандай, жол кырсыгы Шералиев көчөсүндө катталып, «Мерседес» үлгүсүндөгү унааны 19 жаштагы айдоочу башкарып бара жаткан. Ал эне-баланы жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн сүзгөн. Андан соң кырсык болгон жерден качып кетип, кийинчерээк милицияга өзү келген.

Ал эми унаа айып короосуна токтотулуп, тергөө иштери жүрүүдө.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.