Аргентина «кокаини» Москвага Патрушевдин учагы менен жеткирилген

694

Орусия Мистер К. каймана аты менен Берлинде жашаган жаранга издөө жарыялады. Ал Аргентинадан Орусияга дипломатиялык почта аркылуу 400 килограмм кокаин жөнөтүүгө катышы бар деп айыпталууда.

22-февраль күнү Аргентина бийлиги маңзат саткандарга каршы операцияда Орусияга жөнөтүлөт делген 389 килограмм кокаинди дипломатиялык жүктөн табышканын кабарлаган. Анда 2016-жылдын декабрь айында орус элчиси дипломатиялык мекемеге таандык мектепте шектүү чемодан турганы жөнүндө Аргентинанын атайын кызматына кабарлагандан кийин иликтөө башталганы айтылган.

Табылган маңзат партиясын Орусиядагы баасы 50 млн евронун тегерегинде деп бааланууда.

Маңзат таңгактары бир саат аралыгында ун менен алмаштырылып, баштык кимге таандык экени билүү үчүн ага GPS-системасы жайгаштырылган. 2017-жылы декабрда кокаин түрүндөгү ун Орусияга дипломатиялык почта аркылуу жеткирилген.

Ошол эле айда Орусиянын Коргоо кеңешинин катчысы Николай Патрушев президент Маурисио Макринин инаугурациясына катышуу үчүн Аргентинага келген. Telegraph Патрушевдун миссиясы ун салынган баштыкты Орусияга жеткирүү болгонун жазды. Бул маалымат расмий түрдө тастыкталган жок.

Мындан соң алты киши кармалган, алардын арасында элчиликтин мурдагы кызматкери, MORAL (Mecenas Ortodoxos Rusos En America Latin, Латын Америкадагы орус православ меценаттары) фондунун жетекчиси бар.

Орусиянын Тышкы Иштер министрлиги 23-февралда дипломатиялык канал аркылуу маңзат ташылышы мүмкүн деген маалыматты четке каккан. ТИМ кокаинди жөнөтүүгө дипломатиялык паспорту жана дипломатиялык почтаны түзүү укугу жок “техникалык курамдын кызматкери” даярдаганын билдирген.