Армениянын премьер-министри Никол Пашинян кызматтан кетти

788

Муну менен ал өлкөдө кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүүнүн мыйзамдуу жолун көрсөткөнүн жарыялады.

Армениянын конституциясына ылайык, премьер-министр отставкага кетсе, Улуттук жыйындын фракциялары өкмөт башчылыкка эки жолу талапкер көрсөтөт. Эгер премьер-министр тандалбаса, парламент мөөнөтүнөн мурда таркатылып, 45 күндүн ичинде жаңы шайлоонун датасы жарыяланат.

Никол Пашинян кезексиз шайлоо өткөрүү менен «баркыт революциясы» максатына толук жетээрин айтып келет.