Армияда миллиондогон акчалардын уурдалганы ачыкка чыкты

810

Кыргызстандын аскердик прокуратурасы Коргонуу иштери боюнча мамлекеттик комитетте жана анын бөлүктөрүндө өзгөчө ири өлчөмдөгү казына каражаттары кымырылган фактылардын бетин ачты.

Аскер прокуратурасынын маалыматы боюнча, 2015-жылы бюджеттен ошол кездеги Коргоо министрлигинин эсебине аскер аэродромун оңдоого 70 миллион сом которулган. Бирок министрликтин жана «Аскер Курулуш» мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдары анын 37 миллион сомун башка курулуш объектилерине мыйзамсыз жумшаган.

Ошондой эле курулуш материалдарынын баасын ашыкча көргөзүү менен 9 миллион сом уурдалганы аныкталган. Аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 304-308-беренелериндеги «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз колдонуу» кылмыш белгилери боюнча иш козгоду. Бирок аскер прокуратурасы бул кылмыш иши Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин кайсы кызмат адамдарына козголгонун ачык жарыялаган жок.

Буга чейинки коргоо министри Таалайбек Өмүралиев каражатты максатсыз пайдаланганы аныкталып, сот андан 5 миллион сом өндүргөн. Ошондой эле ал 2011-жылы ыйгарылган «генерал-майор» аскер чининен ажыратылган.