Арсен Рахымбеков – дүйнөнүн эң мыктыларынын катарында

1029

12 жаштагы кыргызстандык Арсен Рахымбеков «Менталдык арифметика боюнча 8-чи Дүйнөлүк чемпионтка» катышып, 8-орунду багындырып келди. Чемпионат Германиянын Вольсбург шаарында өткөрүлүп, ага дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн, эсептин бул ыкмасы боюнча эң күчтүүлөр чакырылган.

Интеллектуалдык таймаштын катышуучуларынын жаш курагына чектөөлөр киргизилген эмес. Арсен 40 адамдын арасынан эн мыкты 10 катышуучунун катарына кирип, 8-чи позицияны ээледи. Белгилей кетсек, бул чемпионатка Шериктештик өлкөлөрүнөн 12 жашар Арсен гана катышты.