Арзан баадагы препараттын сапаты талапка жооп береби? (видео)

801

Бөйрөктүн өнөкөт оорусуна кабылгандар кайрадан аткаминерлерге нараазы. Бейтаптар жаңы сунушталган препаратты колдонуудан кооптонуп жатышат. Алардын айтымында, интернетте аталган медициналык каражат тууралуу маалымат жок болуп чыккан. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги кандагы гемоглобин деңгээлин көтөрө турган арзан баадагы препарат тендер аркылуу тандалганын билдирүүдө. Аткаминерлердин айтымында, бейтаптарга сунушталган жаңы дарынын мурдагыдан айырмасы жок жана таасири бирдей. Бирок бейтаптар мындай пикир менен макул эмес. Талаш-тартышты токтотуу үчүн клиникалык изилдөө жүргүзүү сунушу да айтылууда.