«Арзан турак-жай» социалдык программасы (видео)

1372

Мамлекеттик ипотекалык насыя берилип жатканда элдин төлөө жөндөмдүүлүгү эске алынышы керек. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Бактыбек Шамкеевди кабыл алуу учурунда айтты. Анда мамлекет жетекчиси кошумча ресурстарды таап, сырттан инвестицияларды тартып, бюджеттик ссуданы көбөйтүүнү сунуштады.

Өлкө башчынын айтымында, эконом-класстагы көп кабаттуу турак-жай куруу программасын дагы ишке ашыруу керек. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Немец өнүктүрүү банкы менен 20 млн евролук келишим түзүлгөнүн кошумчалады. Мындан башка дагы эл аралык донорлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатыптыр.