Асановдун жан сакчысы 23-октябрга чейин тергөө абагына камалды

775

Кезек жан сакчысына жетти. Буга чейин адвокаты камалган ички иштер министринин мурдагы орун басары, милициянын генерал-майору Курсан Асановдун эми айдоочусу, ошол эле убакта жан сакчысы 22 жаштагы Дамирбек Пайзылда уулу кармалып, 2 айга №1 тергөө абагына киргизилди. Чечим Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан кабыл алынды.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Дамирбек Пайзылда уулу Алмазбек Атамбаевге байланыштуу кылмыш ишке тиешеси бар документ жана башка буюмдарды мурдагы президенттин тарапташтарына мыйзамсыз өткөрүп берүүгө катыштыгы бар деп айыпталууда.

23-августта анын колуна кылмыштын катышуучуларынын түрлөрү жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча шектуу экени тууралуу маалымдама тапшырылган. Козголгон кылмыш ишин учурда Аскер прокуратурасы иликтеп жатат.

Буга чейин Дамирбек Пайзылда уулу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясындагы мыйзамсыз иштерге байланыштуу суракка чакырылганы айтылган эле. Белгилей кетүүчү жагдай, милициянын сержанты Дамирбек Пайзылда уулу генеал-майор Курсан Асанов кызматынан бошотулгандан көп өтпөй, жумушунан айдалган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.