Асель Кодуранова жана Ирина Карамушкина суракка чакырылды

1001

Жогорку Кеңештин депутаты Асель Кодуранова да Ички иштер министрлигине суракка чакырылды. Эл өкүлүн милиция кызматкерлери үйүнөн алып кетишкени айтылууда.

Асель Кодуранова жоокерлерди барымтага алуу фактысы боюнча күбө катары өтүп жатат деген маалыматтар бар.

Милиционерлер депутат Ирина Карамушкинанын үйүнө да келгени кабарланды. Ошондой эле, камакка алынган президенттин уулу Сейитбек Атамбаевдин сурак берип жаткан видеосу интернетте жарыяланды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.