Ашхабад шаарындагы КМШ лидерлеринин жыйыны (видео)

482

КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны эмдиги жылы Ташкентте өтөт. Мындай чечим Түркмөнстандын Ашхабад шаарында болгон саммиттин жыйынтыгы менен кабыл алынды. Анын жүрүшүндө шериктештин алкагында кызматташууну тереңдетүү маселелери талкууланып, КМШ аткаруу комитетинин төрагасы кайрадан дайындалды.

Россия президенти Владимир Путин мамлекет башчыларын жаңы жыл алдында расмий эмес жолугушууга чакырды. Ал билдиргендей, 20-декабрда ЕАЭБ лидерлеринин бейформал жолугушуусун өткөрүү пландалууда. Президент Сооронбай Жээнбеков көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында Тажикстандын лидери Эмомали Рахмон менен жолукту. Анда эки тарап чек ара маселесин көтөрүп, делимитация жана демаркациялоо процессин тездетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.