Ашхабадда Азия оюндары башталды

1007

Түркмөнстандын борборунда Уруш искусстволору боюнча жабык имараттарда өтүүчү V Азия оюндары башталды. Мелдештердин ачылуу аземи 45 миң көрүүчү сыярлык атайын курулган Olympic Stadium стадионунда өттү.

Азия оюндарынын ачылуу аземине Армениянын, Ооганстандын, Казакстандын, Молдованын, Пакистандын, Тажикстандын, Татарстандын жана Өзбекстандын президенттери, ошондой эле Орусиянын Федерациялар кеңешинин башчысы Валентина Матвиенко катышты.

Азиаданын алкагындагы мелдештер 11 күнгө созулат. Оюндарга даярдануу — өлкөнүн акыркы кездеги башкы маселесине айланып, ага миллиарддаган доллар каражат жумшалды. Чет өлкөлүктөр үчүн жабык эсептелген Түркмөнстанга бул жолу он миңдеген туристтер келет деп күтүлүүдө.

Азия оюндарынын уюштуруучуларынын маалыматына караганда, мелдештерге 62 өлкөдөн барган 5500 спортчу катышат. Алар спорттун 21 түрү боюнча күч сынашат.