Ашхабадда V Азия оюндарынын жабылуу аземи болуп өттү (видео)

985

Жабык жайларда өткөрүлгөн бешинчи Азия оюндары жыйынтыкталды. 12 күн бою Азия жана Океания аймактарынын келген миңдей оюнчу спорттун 21 түрү боюнча таймашты. Бул мелдеште Кыргызстандын намысын 153 спортсмен коргоп барды. Азия оюндарынын жабылуу аземинде Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердумухаммедов сүйлөп жатып, «Ашхабад бир нече күн бою дүйнөнүн борборуна айланып турду» деп билдирди. Бешинчи Азия Оюндары концерттик иш-чара жана көркөмдүү шоу менен расмий жабылды. Бул мелдеште биздин курама кандай ийгиликтерге жетишти?