Ашууларда түзүлгөн кырдаал ыкчам чара көрүүнү талап кылат (видео)

879

Каржы министрлиги унаа жолдорун тейлөө боюнча комплекстүү иш-чараларды каржылоо маселесин чечүүгө милдеттендирилди. Ошондой эле, трассаларды тазалоо үчүн кошумча техника сатып алуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырылды. Мындай талап өлкөнүн унаа жолдорундагы кырдаал боюнча өкмөттүн кеңешмесинде коюлду.

Бул маселе айдоочулардын нараазычылыктарынан кийин гана көтөрүлүп жатат. 23-25-ноябрда Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында кардын калың түшкөнүнөн улам, жол тайгак болуп унаалардын узун тыгындары пайда болгон. Мунун айынан айдоочулар 9 саатка чейин жолдо туруп калышканы айтылууда.