Ашыкча салмактагы кызматкерлер иштен алынабы? (видео)

3261

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев мекемеде иштегендер аттестациядан өтөрүн билдирди. Анын айтымында, министрликтин курамына кирген кызматтарда ашыкча салмактуулар көбөйүп жана иштегендердин билим деңгээли дагы төмөндөп кетиптир.

Жакында куткаруучулар, өрт өчүрүүчүлөр физикалык даярдыгы жана билим деңгээли боюнча сынак тапшырышат экен. Андан өткөндөр гана ишин уланта алышат. Бул жумушчуларды жакшы формада кармап туруу аракетиби же кызматкерлердин санын кыскартуунун бир жолубу?