Ашыкча текшерүүнү токтотуу максатында мораторий киргизүү пландалууда

751

Кыргызстанда ишкерлерди текшерүүгө 2 жылдык мораторий жарыяланышы мүмкүн. Буга байланыштуу финансы министрлиги токтом долбоорун даярдады.

Документте: ишкерлерди колдоо, аларды мамлекеттик органдар тарабынан негизсиз, ашыкча текшерүүнү токтотуу жана инвестициялык климатты жакшыртуу максатында мораторий киргизүү пландалууда деп жазылат.

Мындай жол менен көмүскө бизнес укуктук талаага чыгарылып, ишкерлик менен алектенүүнү каалагандар шыктандырылат экен.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.